Айт күнүнүн адептери Окугандардын саны : 6,204

* Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) айт күнү эртелеп гусул алчу.
* Андан кийин эң жакшы кийимин кийип, жыпар-жыттуу миск (атыр) себинчү.
* Намаз окулган аянтка чыгаардан мурда бир канча курма жеп алчу.
* Курмаларды так санда жечү.
* Эгер курма таба албасаңыз шириндик жеп алыңыз.
* Намаз окулган аянтка жөө барып, бир жол менен барса, башка жол менен кайтып келчү.
* Айттын алдыңкы күнү күн баткандан баштап айт намазы окулганча такбир айтчу. Аллах Таала айтты: «(Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллахты даңазалашыңар үчүн жана Аллахка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парз кылынды)». (Бакара: 185).
Такбир: «Аллаху акбар, Аллаху акбар, Ла илааха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху акбар ва Лиллаахил-хамд». Бул такбирди үйдө да көчөдө да жадагалса базарда да жарыя (үн чыгарып) айтуу сүннөт.
* Намаз окулган аянтка бара жатканда да кайтканда да шашпастан, оор басырыктуу болуп, башкаларга зыян бербеңиз!
* Арам нерселерди кароодон көзүңүздү сактаңыз.
* Намаз окулган аянтка (мечитке) эртерээк барып биринчи сапта намаз окууга аракет кылыңыз.
* Намаз башталганча такбир айтууну унутпаңыз.
* Намаздан кийин имамдын хутбасына кулак салып, бүткөндө айланаңыздагы мусулман бир туугандарыңызды «Аллах биздин да, сиздин да салих амалдарыбызды кабыл кылсын» деп куттуктаңыз.
* Бул күнү ата-эне, тууган-урук жана досторду зыярат кылуу максатка ылайык келет.
* Айтты жакшылап, кубанычтуу өткөрүп алгандан кийин, пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа салламдын) хадисине амал кылып Шаввал айында алты күн орозо кармаңыз.
Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Ким Рамазандын орозосун кармап, андан кийин Шаввалдан алты күн орозо кармаса, бир жыл орозо кармагандай (соопко ээ) болот». (Ахмад, Абу Давуд жана Муслим).
* Бул орозону эртерээк кармагыңыз келсе, айттын экинчи күнүнөн баштап кармасаңыз болот. Айттын биринчи күнү орозо кармоо арам. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа салламдын) эки айттын биринчи күндөрү орозо кармоодон кайтарган. Бул алты күн Шаввалдын башка күндөрү кармалса да болот. Бул нерседе үзбөй удаама-удаа кармоо шарт эмес. Рамазан орозосунан карызы бар эже-карындаштарыбыз алгач карыздарын кармап, анан Шаввал айынын орозосун кармаганы жакшыраак. Эгер карыздарын кармоо себептүү Шаввал айы чыгып кетүү ыктымалы болсо, карыздарын кечиктирип, Шаввалдын алты күнүн кармагандары абзел. Анткени, бул алты күн Шаввал айында гана кармалат аны каза кылганга болбойт. Рамазандын карызын болсо, кийинки рамазанга чейин кармап беришсе боло берет.
Жараткан Аллахтан бул улуу күндөрдү кийинки жылдарда да берекеттери менен кайтаруусун, баарыбызды кийинки рамазанга сак-саламат, бекем ыйман менен жеткирүүсүн жалбарып сурайбыз, Оо Аллах! Дубаларыбызды кабыл кыл!
www.islam-kg.com
Assalomu ‘aleikum ua rahmatulahi ua barakatuh…shavval aiy kaisyl ubakta bolot?
Ва алейкум ассалаам ва рахматуллахи ва баракаатух! Ар дайым Рамазан айынан мурдакы ай Шаввал айы болот.
Ва алейкумус-салаам ва рахматуллаахи ва баракаатух! Рамазан айынан мурдаакы ай Шаабан айы болот